Оштон Ысык-Көлгө дагы бир түз авиакаттам ачылды

Sky FRU авиакомпаниясы Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамын ачты. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, компания аба каттамдарын дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарат.

Бир күн мурун компаниянын учагы менен алгачкы 153 жүргүнчү «Ысык-Көл» аэропортуна конуп, ушул эле каттам менен дагы 153 киши «Ош» эл аралык аэропортуна учуп кеткен.