Баткен: Мыкаачылык менен сабалган 2 жашар наристе комадан чыкты

Иллюстративдик сүрөт.

Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жашар наристе комадан чыкты. Учурда анын абалы орточо, ал сыныктар бөлүмүндө даарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен обулусунун координатору Арзыбек Бөрүбеков "Турмуш" басылмасына билдирди.

Церебралдык шал оорусу (ДЦП) бар 2 жаштагы наристе 7-июнь күнү Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда келип түшкөн. Анын таенеси жаш кызды өгөй атасы сабаганын, буга чейин да кол көтөрүп жүргөнүн айткан.

Жабыркаган жаш кыз буга чейин өгөй атасы тарабынан сабалып жүргөнүн анын апасы да тастыктаганын оорукананын даарылоо иштерининин орун басары Курманбек Дыканов да билдирген.

«Сабалгандан 2 күндөн кийин наристе өзүнө келбей бизге алып келген», - деген Дыканов.

Милицияга арыз менен наристенин таенеси кайрылган. Күч органдары «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 11-июнда шектүү катары Баткен районундагы Бужум айылынын 40-жаштагы тургуну кармалган. Ал учурда милициянын убактылуу кармоочу жайында.

Териштирүү маалында сабалган кыздын 32 жаштагы апасы шектүү менен баш кошуп, чогуу жашап жүргөнүн, аялдын биринчи турмушунан 2022-жылы туулган кызы цербалдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлгөнү аныкталган.

Кыздын жакындары аны бастыруу үчүн бир нече жолу аракет кылышкан: акыркы жолу, 7-июнда, бастырууга аракет кылып жаткан учурда кыз тилин тиштеп, эс учун жоготуп койгондуктан ооруканага жеткирилген.