Ошто жана Баткенде «Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алынууда

Буга суусундукта «азорубин Е 122» боёгу табылганы себеп болгон — ал балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизет.

Аталган суусундук Ооганстандан чыгарылат. Мындай иш аракеттер Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.