УКМК: Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору жана эки окутуучусу кармалды

Сүрөт: Шектүүлөр.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору 100 миң сом опузалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу 5-июлда атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ректор Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан аталган академиянын имаратынын бир бөлүгүн ижарага алуу келишимин узартууну талап кылган.

Атайын кызматтан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ректор 4-июлда каражаттын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалганын кошумчалашты. Ошондой эле, акчаны которууда ортомчу болгон академиянын эки окутуучусу да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.