Акыйкатчы 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Бул тууралуу «Клоопко» Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Милиция болсо келиндин өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүп жатат.

Оштун тургуну Айтурган Маматкулова 7-июлга караган түнү Бишкектеги №4 ооруканада көз жумган. Маркумдун кайын журту ал «дары ичип алып, ооруканага түшкөнүн» айткан.

Ал эми Айтургандын энеси «кызым киши колдуу болгон, күйөө балам талуу жерге уруп койгон» деген пикирин билдирген. Жеңеси болсо Айтурган мурда да «күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып келгенин» айткан.