Селден улам Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июлда Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин кабарлады. Анткени жамгырдан улам сел суулары турак үйлөргө кирип, ички чарбалык жолдорду каптаган.

Министрликтен түндө Ак-Татыр айылынан 128 жашоочу коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирген, алардын 50сү жаш балдар.

Баткендин Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар, ал эми Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесиндеги селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин 131 куткаруучусу тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 20-апрелден 1-июлга чейин өлкөдө селдин 236 учуру катталган. Келтирилген зыяндын өлчөмү 170 миллион сомдон ашык деп эсептелген.