Бул тууралуу УКМК төрагасы атайын кызматтын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштин жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында билдирди.
Ал кесиптештери өлкөдө акыркы жылдары коопсуздукту, укук тартибин сактоо жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүү ишинде жогорку жыйынтык көрсөтүп жатканын белгиледи.
«Күч түзүмдөрүнүн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында отчеттук мезгилде 70 млрд сомдон ашык акча аныкталып, анын 50 млрд сому кыска мөөнөттө мамлекеттик казынага кайтарылды», — дешти атайын кызматтан.