Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат жана Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, бир катар унаа жолдору жабылды.
Жабылган жолдор:
⛔️Жалал-Абад — Казарман (63-98-чакырымдар);
⛔️Ноокат-Араван (9-чакырым);
⛔️Мырзаке-Кара-Шоро (49-51-чакырымдар);
Ал эми Ак-Терек — Папан —Кожокелең (1-чакырымы), Ош — Төлөйкөн (7,4 жана 8,5-чакырымы), Топ-Жаңгак — Кара-Суу, Тамаша — Кызыл-Булак (7 жана 16-17-чакырымдар аралыгы), Бишкек — Ош (660-чакырымы), Ош — Баткен —Раззаков (63 жана 57-58-чакырымдар аралыгы), Ош — Сары-Таш — Эркечтам (42-44-чакырымдар аралыгы) жана башка сел жүргөн унаа жолдор тазаланып, каттам берилди.
Учурда жабылган жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.