Баткендин мамкызматкерлери Ошко бир күндүк маянасын которот

Image descriptionБаткен облусунун мамлекеттик кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Ош шаарына которушат. Каржылык жардам 14-июлда каттуу селден жабыркаган Оштун тургундарына сарпталат.

Бул чечимди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондук администрациялары жана Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык мэриялары кабыл алышты.

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop