ӨКМ куткаруу иштерине 143 адам тартылганын билдирди. Алар 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аялды издеп жатышат.
Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын Борбордук базарынан Ак-Буураны бойлоп Өзбекстандын чек арасына чейин издөө жүргүзүп жатышат.
14-июлда Ош облусунда катуу жүргөн селдин айынан беш адамдын дайыны жок болуп аткан. Төрт адамдын — 44 жаштагы аялдын жана анын үч кызынын сөөгү — табылды.