Энергетика министрлиги 14-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткенин билдирди.
«Оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери жасалып, чыңалуу толук кандуу 7500 абонентке берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө», — деп билдирди министрлик.
Азыркы учурда электр тирөөчтөрү калыбына келтирилип, жаңы тирөөчтөр коюлду.