Бул тууралуу Region TV телеканалынын башчысы Өткүрбек Рахманов билдирди. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына Мады айылынан видео жарыялады. Анда УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев тургундар менен сүйлөшүп жатканы тартылган.
Мады айылы Кара-Суу районунда жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 14-июлда болгон селдин кесепетинен бул аймакта эң көп объекттер — 94 социалдык объект жана 642 үй суу алдында калган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Видео: Өткүрбек Рахманов