Жалал-Абад: 17 жашар кыздын өмүрүн алган жарылуудан кийин үч адам кармалды

Image descriptionЖалал-Абад шаарында суусундук сатуучу жайда өлүмгө алып келген жарылуудан кийин үч адам кармалды. Бул тууралуу 16-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жарылуу 13-июль күнү эрте менен болгон. Суусундук саткан жайда газдалган сууну жасоо үчүн колдонулган газ баллону жарылып, 17 жаштагы сатуучу кыз каза тапкан. Дагы беш адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

УКМКдан мэриянын алдындагы Керектөө рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагылар менен болгон байланышын колдонуп, муниципалдык жерлерди уруксатсыз берип келишкен.

Бул факты боюнча аталган департаменттин директору жана инспектору, ошондой эле павильондун ээси кармалды. УКМК тергөө иштерин улантууда. Мындан тышкары, Жалал-Абаддын аймагында окшош фактыларды текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.