Актилек Капаров: «Күч чындыкта» аттуу жазуусу бар футболканы алып кетишти, демек «күч чындыкта эмес»

18-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо улантылууда. Сот залына Актилек Капаров, Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева алынып келинди.

Иликтөөчү журналист Актилек Капаров кирип баратып абакта кийип жүргөн «Күч чындыкта» деген жазуусу бар футболкасын алып коюшканын айтты.

Буга чейин Temirov Live долбоорунун тергөө абагында отурган төрт журналистинин жактоочусу Улан Сейитбеков Башкы прокуратура, Акыйкатчы институту жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна арыз берген.

Буга Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекееванын камерасы тинтилип, сотко кийип келген «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жазуусу бар футболкалары күчтөп алынганы себеп болгон.