Ноокатта 16 жашар өспүрүм бассейнге чөгүп каза тапты

Image description16 жашар өспүрүм мончонун ичиндеги бассейнде киринип жаткан учурда чөгүп каза тапты. Окуя 14-июль күнү Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында болгонун «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Аталган факт каттого алынып, териштирүү иштери башталды. Ал эми маркумдун ата-энеси сөөктү соттук-медициналык экспертизанын өткөрүүдөн баш тарткандыктан, сырттан кароо жүргүзүлүп жакындарында өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жургүзүлүүдө.