УКМК: Бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип Нарын шаарынын тургуну кармалды

Image descriptionАтайын кызматтан «ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды жарыялаган» деп билдиришти.

«Шектүү тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экени аныкталган», — дешти атайын кызматтан.

Окуяга шектелип кармалган тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.