Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси каза тапты. 68 жаштагы апасы Бактыгүл Мырзаева — Ош облустук китепканасынын директору болчу.
Маданият министрлиги Бактыгүл Мырзаева тууралуу некролог таратып, ал маданиятка мыкты салым кошконун белгилешти.
Мырзаева 1956-жылы 15-мартта Ош облусунда туулган. 1977-жылы Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын китепкана жана библиография бөлүмүн аяктаган.
1977-жылдан 1979-жылга чейин Өзгөн райондук китепканасында бөлүм башчы болуп иштей баштаган. Кийин Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы, усулдук бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенип, кийинчерээк жетекчилик кызматка келген.
1996-жылдан 1999-жылга чейин Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, 1999-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеди.
Ага 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. Маркум маданиятка дээрлик бүт өмүрүн арнады.
17-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол — Ананьево — Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымында Toyota Avensis жана Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.
Окуя болгон жерде 68 жаштагы айдоочу, анын жубайы жана небереси каза болуп, үч киши ооруканага түшкөн. Каза тапкандар Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси экени белгилүү болгон.