Ысык-Көл ОИИБден 15-июлда райондук ооруканага 42 жаштагы киши оор жаракат менен түшкөнүн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны саат 18:25 чамасында Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын бириндеги жээкте катер коюп кеткен.
Ал алган жараатынан улам 16-июлда реанимацияда каза болгон. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Окуя боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Милиция катердин айдоочусун жана суу транспортунун ээсин аныктады. Алардын кармалышы азырынча айтыла элек. Тергөө иштери уланууда.