Депутат Тазабек Икрамов мандатын тапшырды

Image descriptionБоршайком 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы себеп болгон.

Депутат өзү азырынча мандатын тапшырганы боюнча комментарий бере элек. Буга чейин, 17-июль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкканы айтылган. Икрамов жана атайын кызмат кайсы иш боюнча сурак болгонуна комментарий бере элек.

Тазабек Икрамов парламенттин жетинчи чакырылышына 2021-жылы Сузак бир мандаттуу округунан депутаттыкка шайланып келген.