Кыргызстанда төлгө салуу, сыйкырчылык, көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынды

Image descriptionМындай мыйзамга президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми оккульттук жана мистикалык кызматтарды, ошондой эле алардын өкүлдөрүн жарнамалоого жол берилбейт. Интернетте, тышкы жарнактарда, радио жана телевидениеде жарнамалоого тыюу салынат.

«Мыйзамдын жарандардын аң-сезимин кандайдыр бир оккульттук, сыйкырдуу жана башка анык эмес ыкмалар менен кызмат көрсөтүү жаатында өз пайдасын алуу үчүн тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кызмат көрсөтүүнү болтурбоого багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 12-июнда кабыл алган.

Иллюстративдик сүрөт.