18-июлдун кечинде Ноокат районунун Көк-Жар аймагында сел жүрүп, Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптады.
Убактылуу жабылган жолду тазалоого ӨКМдин ыкчам тобу тартылган.
Министрликтен кийинчерээк жолдун 55-чакырымы тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын билдиришкен.
Мындан сырткары сел Кадамжай районунун Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында жүрүп, ички чарбалык жолдорду толтурган.
7 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 участокко сел суулары кирген. Жеринде 10 куткаруучу сел сууларын сордуруу жана анын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзгөн.
Жабыркагандар жок экени айтылды.