Ошто Касымалиеванын ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Image descriptionОш шаарында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энесин жана алардын 3 небересин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов, парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков жана башкалар катышууда.

Касымалиеванын ата-энеси 3 небереси менен 17-июлда Каракол-Ананьево-Балыкчы унаа жолундагы жол кырсыгынан каза тапкан. Дагы бир небереси оор абалда ооруканада.

Маркум апасы Бактыгүл Мырзаева — Ош облустук китепканасынын директору болчу. Ал аталган китепкананы 25 жыл башкарып, маданият тармагына мыкты салым кошкон.

Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды.