19-июлда Оштогу селден жабыркагандарга Казакстандын Алматы шаарынан гуманитардык жардам келди. Аны «Биз биргебиз Казакстан» кайрымдуулук фонду жиберди.
Казак элинен чогулган 40 тонна гумжардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.
19-июлдун таңында «Ак-Тилек» чек ара өткөрмөсүнөн кирген гумжардам Ош облусун карай жол тартты.