Оштогу сел: Соодагер менчик базардагыларга мамлекет тарабынан жардам берилбей турганына нааразы

Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген соодагер аткаминерге көйгөйүн айта албагандар бар экенин айтты.

Анын айтымында, Ташиев жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан жардам болорун, бирок менчик базардагыларга жардам берилбей турганын билдирген.

«Менчик базардагыларга да жардам берсе жакшы болот эле. Себеби, биздин соода кыла турган түйүнүбүздүн арка жагы да, алды жагы да жараксыз болуп, айнектери күүлүп түшүп калган», — деди соодагерлердин бири.

Ошондой эле, ал айрым соодагерлердин суроо бергенге мүмкүнчүлүгү болбой калганын кошумчалады.

«Муктаж адамдар убагында жок болуп, жолугушууга катыша албай калды. Катышканда өздөрүнүн ой-пикирлерин айтмак эле да. Бир эле мен эмес, мага окшогон канчалаган адамдардын товарлары жок болуп кеткен. Мүлктөрү пайдаланууга жарабай калган», — деди ал.

Видео: Kloop