Оштогу сел: Ташиев шаардын борбордук базары көчүрүлө турганын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген Оштун борбордук базарынын соодагерлери «Клоопко» аткаминердин аларга эмне деп айтканын айтып беришти.

Ишкердин айтымында, 20 мүнөткө созулган жолугушууда Ташиев базарга кепилдик жок экенин айтып, аны башка жакка жылдырып берүүнү убадалаган.

«Бирок, бизге эртерээк жылдырып бергени жакшы. Мына көпүрөдө биз соода кылат элек. Азыр бара турган, отура турган жерибиз жок. Базарга көчкүчө биз көпүрөнүн үстүндө тиричилигибизди жүргүзүп тура берели. Мисалы, менин азыр бирөөлөргө бере турган акчаларым бар. Товарлар үйдө турат, эч жерге алып берып сата албайт экенбиз. Базарком бир жерди көрсөттү. Ал жерге өзүбүз контейнер коёт экенбиз, ага бизде шарт жок», — деди соодагерлердин бири.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Оштун иретин Камчыбек Ташиев өзү көзөмөлгө алып, борбордук базар эки айда көчүрүлөрүн билдиргенин жазды.