Украинада туткунга түшкөн кыргызстандык Алишер Турсунов алмашуу жолу менен Орусияга кайтарылды

Бул маалыматты «Украина – Центральная Азия» телеграм-каналы Украинанын аскер тутундарынын кайрылуулары боюнча иштеген «Хочу жить» аталышындагы координациялык штабына шилтеме кылып кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, Турсуновду Орусияга 17-июлда кайтарышкан. Бул күнү Украина менен Орусия туткундарды «95ке 95» форматында алмашышкан. Турсуновдун аты туткундарды алмашуу тизмесинде бар. Тизме Орусиянын аскерлерин издөө жана үйүнө кайтаруу боюнча алектенген «Наш Выход» долбоору жарыялаган телеграм-каналда да жарыяланган.

Тышкы иштер министрлиги Турсуновдун алмашылуусу боюнча комментарий бере элек.

Май айынын ортосунда Украинада туткунга түшкөнүн айткан 57 жаштагы Алишер Турсуновдун кайрылуусу интернетке тараган. Анын айтымында, аны Рязанда уулуна конокко барганда орусиялык укук коргоо кызматкерлери алып кетип, «келишимге кол коюуга мажбурлашкан». Кийин Турсунов Украинадагы согушка катышып, биринчи күнү эле туткунга түшкөн.

Турсуновду Кыргызстандагы туугандары аныкташкан. Ал өзү да жардам сурап президент Садыр Жапаровго кайрылган.