Жогорку сот: Райымбек Матраимов ТИЗОдон бошотулган эмес

Image descriptionБажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов үй камагына чыкты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттон маалымдашты.

Күн мурун иликтөөчү-журналист Болот Темиров соцтармактагы барагына экс-бажычы үй камагына чыгып, «Бикард» жеке менчик клиникасында дарыланып жатат деп жазган болчу.

Ал арада «Азаттыктын» УКМдагы маалымат булактары дагы Матраимовдун менчик клиникада дарыланганы тууралуу маалыматты төгүндөштү.

Июндун аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовдун ТИЗОдо кармоо бөгөт чарасын 26-августка чейин узарткан.