19-июлда Ош шаардык мэриясында УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда селдин кесепеттерине ыкчам чара көрүү боюнча жыйын өттү.
Анда компенсация төлөп берүү тапшырылды:
▫️ каза болгон 25 кишинин үй-бүлөсүнө — 1 млн сомдон;
▫️ жашоо үчүн кооптуу деп табылган кыйраган үйлөрдүн ээлерине — 1 млн сомдон;
▫️ бузулган үйлөрдүн ээлерине — 500 миң сомдон;
▫️ борбордук базардын ишкерлерине — 100 миң сомдон.
Мындан тышкары, Ак-Буура дарыясына мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдүн баары жоюлуп, дарыянын суу-санитардык зонасында мыйзамсыз курулушка уруксат берген жетекчилердин жоопкерчилиги каралат.
Ошону менен катар, тиешелүү органдарга табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн эки айдын ичинде борбордук базарды көчүрүү тапшырылды.
14-июлда Ош облусунда жана Ош шаарында кыйратуучу сел жүргөн. ӨКМдин маалыматына ылайык, сел беш кишинин өмүрүн алды. Натыйжада, төрт кишиден турган үй-бүлө каза болду: 6, 10 жана 19 жаштагы үч кызы менен 44 жаштагы аял. Аларды «Мөл-Булак» эс алуу жайындагы сел алып кеткен. Каза болгон бешинчи киши — 39 жаштагы аял. Аны сел Оштун борбордук базарынан алып кеткен.