23-26-июль күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Туруксуз аба-ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле згөчө кырдаалдар министрлигинен сел коопсуздук эрежелерин сактоону кошумчалады.

«Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз. Үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз. Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз. Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз», — деп билдиришти ӨКМден.