21-июлда Улуттук олимпиадалык комитетте (УОК) өлкөнүн олимпиадалык курама командасы Парижде өтүүчү оюндарга кийип бара турган салтанаттуу форма көрсөтүлү.
Спорттук форманы спортчуларга кытайлык 361 Degrees фирмасы берген. Форманын өзүнүн дизайнын жергиликтүү дизайнерлер иштеп чыккан: Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Арановский Владимир Михайлович жана Нурсултан Муратов. Трикотаж көйнөк, юбка же шым, куртка жана бут кийимди камтыган бир комплект форманын баасы 36 миң сомду түзгөнү белгиленет.
«Форма Кыргызстандын мамлекеттик туусунун түстөрүн чагылдырат жана спортчуларга ар кандай аба ырайында ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыз кылат. Форма, анын ичинде бут кийими, толугу менен жогорку сапаттагы атамекендик өндүрүштүн материалдарынан жасалган», — деп билдиришти УОКдон.