Кыргызстандын математика боюнча курама командасы Эл аралык математикалык олимпиадада биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, аталган олимпиадада Кыргызстандык окуучулар бир алтын, үч күмүш медаль жана эки грамотага ээ болушту.
Биринчи орунду 29 упай менен Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев ээлесе, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус, Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искендеров жана Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев күмүш медаль утту.
Ал эми «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов жана №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу Султан Мусахожаев ардак грамота алышты.
Олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.