Ош: Ак-Бууранын жээгин тактоо боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия түзүлдү.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн топ ишти тактап, мониторинг жүргүзгөндөн соң, жыйынтыгынын негизинде сунуш беришет.

14-июлда нөшөрлүү жамгырдан кийин Ак-Буура дарыясы нугунан чыгып, Ош шаарынын борбордук базарын каптаган. Сел сууларынан калктуу аймактар дагы жабыркап, 800гө жакын турак үй, унаа жолдору, электр чубалгылары жарактан чыккан. Коммуналдык авариялар катталган.

ӨКМден сел беш кишинин өмүрүн алганын билдиришкен. Натыйжада, төрт кишиден турган үй-бүлө каза болду: 6, 10 жана 19 жаштагы үч кызы менен 44 жаштагы аял. Аларды «Мөл-Булак» эс алуу жайындагы сел алып кеткен. Каза болгон бешинчи киши — 39 жаштагы аял. Аны сел Оштун борбордук базарынан алып кеткен.