Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Сардарбек Темирбаев кызматынан бошотулду. Райондун акими кол койгон жарлыкта ал «ишенимди жоготкону үчүн» кызматтан алынган.
5-июнда Темирбаев мас абалда унаа башкарганы үчүн протокол түзүлгөн. Материалдар Лейлек райондук сотуна өткөрүлүп, 14-июнда айыл башчы укук бузганын мойнуна алган.
Сот аны 3 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.