Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев УКМК тарабынан кармалганын анын орун басары Улан Батыров «Клоопко» тастыктады. Атайын кызмат азырынча бул боюнча маалымат бере элек.
Буга чейин «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, Абыкеев УКМКга Ынтымак айыл аймагындагы жерлердин сатылышы боюнча суракка чакырылганын жазган.
Ал эми 19-июлда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Оштогу селдин кесепеттери боюнча жыйында Кара-Суунун Жаңы-Арык айыл аймагында 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, эгер акимдин тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан.
Темирболот Абыкеев Кара-Суунун акими болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими болуп иштеген.