Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунда жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн дрон менен байкоо жүргүзүлүүдө

Image descriptionБул тууралуу 23-июлда Баткен облустук милициясынын жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги жолунда [...] кырсыктарды алдын алуу жана адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди азайтуу максатында жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга дрон менен байкоо жүргүзүлүп, аларга жол эрежесин сактоо боюнча профилактикалык иштери жүрүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин маалыматына ылайык, быйыл 1-январдан 17-мартка чейин өлкөдө 1 173 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 82 адам каза болуп, дагы 1 673 киши жаракат алган. Ал эми өткөн жылы 9 ай ичинде өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон.