ӨКМ маалымдагандай, селден жабыркаган аймакта 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрүн тазалоо иштери бүгүн саат 7:00дө башталды.
Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары уланууда.
Андан сырткары селге аккан автоунаалардын ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
23-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган сел 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.
Видео: ӨКМ