Кара-Суу иши. Сентябрга чейин дагы эки чиновник камакка алынды

19-июлда Ош шаарында өткөн жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекет тарабынан Ынтымак айыл өкмөтүнөн муктаж болгондорго жер бөлүнүп берилгени менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал жерлерди сатып жатканын айткан. Ошол эле учурда айыл өкмөт башчысы менен жер маселеси боюнча адис кармалганын билдирген.

Соттун чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Раимов менен жер маселеси боюнча адис Апаз Конкошев сентябрга чейин камакка алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалган. Анын кармалышы да Ынтымак айыл өкмөтүндөгү жерлерге байланыштуу. Азыр чиновник эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду.