Кыргызстандын волейбол боюнча U-20 кыздар курамасы чемпион болду

Image descriptionКыргызстандын волейбол боюнча U-20 кыздар курамасы Борбор Азиялык волейбол ассоциациясынын чемпионатында биринчи орунду алышты. Мелдеш 18-23- июль күндөрү Мальдив аралдарынын Мале шаарында өттү. Анда 4 өлкөнүн курама командалары бири-бири менен айлампа түрүндө беттешти.

Кыргыз спортчулары биринчи айлампада Мальдив аралдарынын командасын 3:0, экинчи айлампада Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде, үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курамасына 2:3 эсебинде жеңилип, жарым финалда экинчи ирет Непал командасын 3:0 эсебинде жеңген. Биринчи орун үчүн беттеште кайрадан Шри-Ланка менен кез келип, 3:0 эсебинде утуп, мелдештин жеңүүчүсү аталган.

Мыкты чабуулчу - Роза Расулбек кызы;
Мыкты байланыштыруучу - Алия Керезова;
Мыкты тосмочу - Сайкал Амиракулова;
Мыкты диагональ чабуулчу - Айтурган Айтбекова;
Турнирдин эң баалуу оюнчусу - Роза Расулбек кызы.

Курама команданы башкы машыктыруучусу Курсантбек Уланбек уулу.