Садыр Жапаров Олимпиаданын ачылышына Парижге барат

Image descriptionПрезиденттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жапаров президент Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда жумушчу сапары менен Францияга барат.

25-июлда Жапаров «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине катышып, эртеси күнү Олимпиаданын расмий ачылыш аземинде болот.

Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Парижде өтөт. Кыргыз спортчулары спорттун беш түрү боюнча 16 лицензия жеңип алышкан: күрөш, дзюдо, сууда чабак уруу, жеңил атлетика жана бокс.