Селдин кесепетинен жабыркагандар насыясын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот

Улуттук банк билдиргендей, коммерциялык банктар, адистештирилген каржы-кредит уюмдары селдин кесепетинен жабыркагандарга кредитин төлөө боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүп, кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

Кредиттерин жеңилдетүү үчүн селден жабыркаган карыз алуучулар каржы-кредит уюмдарына кредиттин шарттарын өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

«Улуттук банк бардык каржы-кредит уюмдарына селден жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана кредиттеринин шарттарын өзгөртүү боюнча арызын артыкчылыктуу тартипте кароону, кредиттик келишимдин шарттарын тагыраагы пайыздык ченди, кредиттин мөөнөтүн өзгөртүүнү жеке тартипте кароону сунуштайт», — деп айтылат билдирүүдө.

«Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга ылайык, өзгөчө кырдаалдын же абалдын кесепетинен улам мөөнөтү өткөн карыздар жана башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, арыз берилген учурда терс насыялык маалыматка киргизилбейт.