УКМК Бишкекте жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду

УКМКнын маалыматына ылайык, 2023-жылдын башында «Б.Г.» ЖЧКсы калаадагы 19 жолду жана тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 145 млн сомго жарыяланган тендерди утуп алган. Ишти аяктоо мөөнөтү деп 2024-жылдын март айы белгиленген.

Бирок, комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүнкү күндө иш жүзүндө 9 гана көчө бүткөндүгүн көрсөткөн. Тендерди уткан фирма кечигүүнүн курулуш техникасынын жетишсиздигинен баштаган, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгына чейин жеткен бир катар себептерди бар экенин айткан.

УКМК бул себептер тастыкталбаганын, ал эми «Бишкекасфальтсервис» каражаттарды белгиленген мөөнөттөр боюнча бөлүп берип турганын билдирди.

«Мындан тышкары, буга чейин бүткөрүлгөн көчөлөрдө ар кандай мүчүлүштүктөр жана кемчиликтер аныкталып, жалданмачы уюмга аларды жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн. «Б.Г.» ЖЧКсынын жетекчилиги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгын толугу менен мойнуна алып, бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик берди», — деп айтылат маалыматта.

Мамкомитет ошондой эле жалданмачы уюмдарга өз милдеттенмелин сапаттуу жана өз убагында аткаруунун зарылдыгын, болбосо күнөөлүү адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.