Жалал-Абадда экстремизм иши боюнча тогуз киши кармалды

Image descriptionЖалал-Абад облусунун ИИБи «экстремисттик уюмду каржылоого» шектелип тогуз киши кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 19-июлда аларга Сузак районунун тургуну «диний-экстремисттик маанайдагы идеяларды жайылтып жатканы» тууралуу билдирүү түшкөн. ИИБдин маалыматы боюнча, ал «Хизб ут-Тахрирдин» мүчөсү, шектүү мыйзамсыз диний сабактарды өтүп, ошондой эле адамдарды экстремисттик уюмга кошулганга «азгырып» жүргөн.

Тинтүү учурунда китептер, DVD дисктер, планшет, флеш-карта жана телефондор алынган. Мунун баары эмне себептен алынганы жана анда кандай маалыматтар бар экени тууралуу айтылган жок.

Жогоруда аталган адамдан тышкары, ИИБ Сузак районунун дагы сегиз тургунун кармады. Соттун чечими менен кармалгандар эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.