Capital Bank’тын 100% акциясы мурда Жогорку Кеңештин экс-спикери жана маркум ишкер Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык болчу. Уулу Эржанга - 40%ы, кыздары Айдай жана Бегимайга, ар бирине 30%дан. 25-июлдан тартып акциялардын бардык 100%ы Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.
Кантип ушундай болуп калды? Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маркум спикердин кыздары «мыйзамсыз иштер менен алектенген» деп билдирген. Анын айтымында, банк 2010-жылы Максим Бакиевден Турсунбековдорго рейдерлик жол менен өтүп, «Капитал банк» болуп өзгөртүлгөн.
Ташиев банк сатылып, түшкөн аксы ипотекалык турак жайларды курууга жумшаларын айткан.
Учурда Айдай Турсунбекова ТИЗОдо, ал эми бир тууганы Бегимай үй камагында. Аларга карата «Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Мурда Capital Bank «АкылИнвестБанк» деп аталып жүргөнү белгилүү. Бул банкты 2008-жылы Максим Бакиевдин айланасындагы адам сатып алып, 2010-жылдагы революциядан кийин капиталдаштыра албай калган. 2012-жылы болсо банкты Турсунбеков сатып алып, атын өзгөрткөн.
Анткен менен УКМКнын башчысы банкка эле эмес, Турсунбековдордун үй-бүлөсүнүн башка бизнесине да доомат койгон — ал Бишкектеги алкоголдук заводго тиешелүү 1,5 га жана Ысык-Көлдөгү 18 га жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин билдирген.
Ташиев «Акун» пансионатынын айланасындагы талашты айтып жатышы мүмкүн. 2022-жылы УКМК пансионатка 2008-жылы берилген 17,65 га жер мамлекетке кайтарылганын билдирген. Ошол учурда Турсунбекова үй-бүлөлүк бизнести коргоп, пансионатка жер мыйзамдуу алынганын билдирген. Ал пансионат мурда «Чынар» деп аталганын, пансионатты үй-бүлөсү 1999-жылы мамлекеттик аукциондон сатып алганын айткан.