Кыргызстан 17,7 млн долларга күмүш, 295,2 млн долларга алтын сатты

Image descriptionУлуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан 17,7 млн долларга 22 тонна 479 кг күмүш саткан.

Анын көбү — 21 тонна 733 кг — Индияга апрель айында экспорттолгон. Кытайга, тактап айтканда, Гонконгго 587 кг, ал эми Швейцарияга 158 кг жөнөтүлгөн.

Ал эми алтын болсо 295,2 млн долларга сатылып, металлдын 4 тонна 234,5 кг экспорттолгон.

1 848,5 кг алтын Гонконгго, андан азыраагы — 1 401 кг — Улуу Британияга сатылган. Швейцария болсо 971 кг ашык, ал эми БАЭ 13,5 кг ашык сатып алган.