Кыргызстанда Meken бренди менен ноутбуктар чогултула баштады

Image description«Кыргызиндустрия» ноутбуктарды жеке өзүнүн өндүштүк базазында анын туундуу ишканасы болгон «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы чогултуп атканын билдирди.

Ишканага Acer жана Lenovo ноутбук жана планшеттери үчүн компоненттерди өндүрүп берген Кытайдын Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын тесттик үлгүлөрү келип түшкөнү белгиленет.

«Бул кыргызстандыктарга, анын ичинде мектеп окуучулары менен студенттерге, арзан баада сапаттуу ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берет», – деп белгилешти мамишканадан.

Компания каалоочулар ke.kg сайтынан буйрутма бере алышарын кошумчалады.

Ноутбуктардан тышкары «Кыргызэлектроника» Meken бренди менен смартфондорду да чогултат. Алардын керек-жарактары да чет өлкөдөн алып келинет. Смартфондордун биринчи партиясы сентябрда жеткиликтүү болот. Анын баасы 10-11 миң сомдун тегерегинде болот.