⚡️Оштун мурдагы чиновниктери сел өтүүчү жерлерди менчикке мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалды

УКМК Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, мурдагы башкы архитектору Алтынбек Токошев, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев жана Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяз Сансызбаев эмне үчүн кармалганын түшүндүрдү.

Мекемеден билдиришкендей, алар Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Шга Ош шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Туран» кичи районундагы сел өтө турган каналдан 2,2 гектар жер алууга жардам берген. Мамлекеттик комитеттен депутат ошол жерде табигый каналдардын жээгин толтуруп, тегиздегенин айтышууда, жекече турак жай куруу үчүн жер тилкелерин сатууга аянтча түзгөн. Кийинчерээк жер 30 участокко бөлүнүп, үчүнчү жактарга сатылып, андан соң үйлөр курулган.

«Буга байланыштуу сел сууларын агызуучу каналдарынын жоктугунан катуу жаан-чачын жааган учурда чоң сел агымдары Ош шаарындагы Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөргө түшкөн. Натыйжада Туран кичи районуна жакын жайгашкан жеке турак жайларды жана жерлерди, аймакты көрктөндүрүү инфраструктурасын сел алып, жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жаралган»,
— дешти УКМКдан.

Ал эми жерге ээлик кылган Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш аттуу жаранга издөө жарыяланды. УКМКдан белгилешкендей, жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын аракеттеринин мыйзамдуулугун, ошондой эле селдин кесепетинен келип чыккан олуттуу зыяндардын себептерин жана шарттарын аныктоо боюнча иштер уланууда.