Селден куткаруу иштерин жүргүзгөндөн кийин 16 ӨКМ кызматкери ооруканага жаткырылды

Image descriptionБул тууралуу пресс-конференцияда ӨКМдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

«Куткаруучулардын иши абдан оор жана кооптуу. Алар белине чейин сууга кирип, адамдарды куткарат. Албетте, бул өзгөчө куткаруучулардын ден соолугуна таасир этпей койбойт. Бүгүнкү күндө 16 куткаруучу ооруканага жаткырылды, 37 кызматкер амбулатордук дарыланууда», — деп белгиледи Мамбетов.

ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеев, ӨКМ кызматкерлеринин акыркы селдер учурунда атайын кийимде эмес, куткаруу иштерин жүргүзгөндүгү боюнча сынга жооп берип, селдер учурунда куткаруучуларга кадимки кийимде иштөө жеңил экенин түшүндүрдү.