Бишкек: Муниципалдык мектептердин дээрлик жарымында сабактар 7:30да башталат

Image description2024/25 жаңы окуу жылында Бишкектеги 44 мектепте сабактар 7:30да башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 14 мектепте сабактар 7:30да башталып жатат. Бул: №69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67 мектептер.

Жаңы окуу убактысынабул мектептер которулат: №6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, ошондой эле №1 Лебединовка мектеп-гимназиясы.

Ошентип, 44 муниципалдык мектепте (жалпы санынан 42%ы) сабактар 7:30да башталып турат.

Буга чейин Минкаб Бишкектеги мектептерге сабактарды 8:00ге чейин баштоого уруксат берген токтом кабыл алган. Бул идеяны мэрия сунуштап, ал бул чара жолдорду тыгындан бошотууга жана балдардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп билдирген