Кыргызстан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга 25 млн доллар насыя алат

Президент Садыр Жапаров Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) менен макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Эми Кыргызстан «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоору үчүн 25 млн доллар насыя алат. Буга чейин, июнь айында, насыя 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгили менен берилери кабарланган.

25 млн доллар насыядан 19,7 млн долларын Минкаб беш кыргыз университетине бөлүштүрүшү керек. Медакадемия 4 млн доллар, Политех жана КУУ — ар бири 3,2 млн доллар, Агрардык университет — 3,7 млн доллар, ал эми ОшМУ — 2,8 млн доллар алат. Ошондой эле биомедицина, жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук, суу ресурстары, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук жаатындагы изилдөөлөр үчүн университеттер аралык борборлорду ачуу каралган. Мындан тышкары, насыядан 4 млн доллар изилдөө иштерине гранттарды берүүчү фондго багытталат.

25 млн доллар насыядан мамлекет болгону 5,3 млн долларын төлөйт. Калганын университеттер өздөрү төлөшөт.

ЭӨА — бул кирешеси төмөн өлкөлөрдөгү жакырчылык менен күрөшкөн Дүйнөлүк банктын ассоциацияларынын бири. Ал насыя жана гранттарды, ошондой эле өлкөлөргө кеңештерди берет. Ассоциацияны башка өлкөлөр жана Дүйнөлүк банк каржылайт. Кыргызстан ЭӨАдан буга чейин да каражат алып келген. Өткөн жылдын октябрь айында бийлик Камбар-Ата 1 ГЭСтин ТЭНин иштеп чыгууга 5 млн доллар насыя жана грант алынарын билдирген. Мурун ассоциация, мисалы, COVID-19 менен күрөшүүгө жана айыл чарбасын колдоого каражат бөлгөн.

2023-жылга карата маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЭӨАга карызы 665,19 млн долларды түзөт.