Президент азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө жарлыкка кол койду

Документке ылайык, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар деп Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев табылды.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, XX кылымдын башындагы саясий элитанын өкүлдөрүнүн жана улуттук лидерлердин өлкө алдындагы эмгегин белгилөө максатында ушул жарлыкка кол коюлду.

«Ушул адамдар кыргыз эли өзүнүн тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров бул жарлыгы менен жалпы билим берүү, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окугандарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын эмгеги жөнүндө тиешелүү материалдарды иштеп чыгууну, ошондой эле бул тема боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-пропагандалык иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар автономиялуу республиканы түзүүдө олуттуу роль ойногон. Өткөн кылымдын 30-жылдарында алардын баары контрреволюциялык ишмердүүлүк үчүн айыпталып камакка алынып, көбү атууга кеткен. 50-жылдары алардын баары өлгөндөн кийин акталган.